Кечээ, 9-декабрда КР тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Германиянын Кыргызстандагы элчиси Габриэла Геллил менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Нуран Ниязалиев элчини Германиянын жаңы Федералдык өкмөтүнүн түзүлүшү менен куттуктады.

Өз кезегинде элчи Габриэла Геллил Федералдык өкмөттүн жаңы курамынын ишинин артыкчылыктары тууралуу маалымат берип, Германиянын Федералдык тышкы иштер министри кызматына Аннелина Бербок дайындалганын белгиледи.

Тараптар 2021-жылдын 26-ноябрында Кыргызстан менен Германиянын тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы онлайн консультациялар эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулоого жана кызматташуунун мындан аркы багыттарын аныктоого мүмкүндүк бергенин белгилешти.

Тактап айтканда, дипломаттар тышкы иштерминистрликтеринин ортосунда өткөн консультациялардын контекстинде кыргыз-герман өз ара аракеттенүүсүнүн айрым аспектилерин карап чыгышып, Кыргызстан менен Германиянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилешти. Ошондой эле тараптар 2022-жылдын ичинде эки тараптуу иш-чараларды, анын ичинде жогорку деңгээлдеги сапарларды өткөрүүнү талкуулашты.

Нуран Ниязалиев Германиянын Федералдык өкмөтүнүн Кыргызстандагы долбоорлорду ишке ашырууга каражат бөлүү чечимин оң баалады.