Олимпиада оюндарынын күмүш байге ээси, эркин күрөш боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова 11-12-декабрь күндөрү Баткен облусуна барат. Бул тууралуу КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.
Иш сапардын алкагында КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев менен жолугушат.
Ошондой эле Лейлек районунун Максат айылында мектеп окуучулары менен жолугуп,андан соң Баткен районунун Ак-Сай айылында жаш балбандар үчүн мастер-класс өткөрүү пландалууда.
Мындан тышкары Баткен шаарынын жаш спортчулары жана тургундары менен чоң жолугушуу өткөрүлүп, Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебине барат.