Сокулук районунда 16 жаштагы кызды зордуктоого шектелген 31 жаштагы К.Н. аттуу кишинин үй-бүлөсү аксакалдар сотунун чечими менен Кызыл-Туу айылынан көчүп кетти. Маалыматты аталган айылдын башчысы Акылбек Жылдымышов тастыктады.

«Шектүүнүн туугандары айылдан Бишкекке көчүп кетишти. Кайтарып турган милиция кызматкерлери да тарады. Аксакалдар соту эл тынчыгыча ушундай чечим кабыл алды», — деди Кызыл-Туу айылынын башчысы.

5-декабрь күнү белгисиз кишинин 16 жаштагы кызга кол көтөрүп, зордуктаганы тууралуу милицияга маалымат түшкөн. Факт Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 154-беренеси («Зордуктоо») боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Чүй облусунун ИИББи жана Сокулук РИИБинин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-аракеттеринин натыйжасында К.Н. аттуу 31 жаштагы жаран кармалган.

Ошол эле күнү 50дөй жергиликтүү тургун Сокулук РИИБинин имаратынын алдына чогулушкан. Ал эми социалдык тармактарга тараган видеодон милиционердин формасын кийген адамды чогулган элдин ур-токмокко алганын көрүүгө болот. Жергиликтүүлөр шектүү жоопкерчиликтен качып кутулуп кетет деп тынчсызданып жаткандыгын айтышкан. Алар менен РИИБдин жетекчилиги жолугуп, кылмыш иши көзөмөлдө турганын айтып, мыйзам чегинде тергөө иши жүргүзүлөрүн билдирген соң чогулгандар тарап кетишкен.

Шектүү убактылуу кармоочу жайда камакта. Териштирүү иштери уланып жатат.

Булак: Спутник кж