Бишкектеги Улуттук кардиология жана терапия борборунда миллиондогон суммаларга мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу  маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин Ички аудит башкармалыгынын башчысы Бек Ногойбаев билдирди.

Анын айтымында, 2021-жылдын октябрь айында Саламаттык сактоо министрлигинин Ички аудит башкармалыгы тарабынан Улуттук кардиология жана терапия борборунун ишмердүүлүгүнө аудит жүргүзүлгөн. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча төмөнкү мыйзам бузуулар аныкталды:

Поликлиника имаратынын 4-кабатында Улуттук кардиология жана терапия борборунун алдындагы Молекулярдык биология жана медицина илим-изилдөө институтунун жайгашкан. 2020-жылдын июль айында УКТБнун директору Акпай Сарыбаевдин өтүнүчү менен 8 бөлмө коронавирус инфекциясынын алдын алуу жана ага каршы күрөшүү үчүн бошотулган. Бирок, алар COVID-19 менен күрөшүүгө колдонулган эмес жана учурда бош.

«Поликлиника корпусунун 5-кабатында Кыргыз-Индия тоо-кен биомедициналык изилдөө борбору жайгашкан, ал өзүнчө юридикалык жак болуп саналат. Бул борбор өкмөттөр аралык келишимдин негизинде түзүлгөн. Бирок белгилей кетүүчү нерсе, УКТБнун директору Акпай Сарыбаев жогоруда аталган илимий борбордун директору болуп саналат, эмгек мыйзамдарынын талабы менен бир эле учурда эки жетекчилик кызматты ээлөөгө тыюу салынган. Жобого ылайык, УКжТБнун директору Кыргыз-Индия илимий борборунун жетекчиси менен тыгыз байланышта иштеп, анын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөп турушу керек. Акпай Сарыбаев эки жетекчилик кызматты айкалыштыргандыктан, коррупциялык тобокелдик болушу мүмкүн», — деди ал.

Ал уставга ылайык, бул илимий борбордун иши пайда табууга багытталган эмес, гуманитардык, илимий-изилдөө жана коммерциялык эмес мүнөздө болот жана алынган пайда кызматкерлердин ортосунда бөлүштүрүлбөй келгенин белгиледи.

«Бирок, пайда алуу максатында Сарыбаев А.Ш. илимий борбордун директорунун атынан «Кумтөр Оперейтинг Компани» ЖАК менен акы төлөнүүчү медициналык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө келишим түзүлгөн (алар «Кумтөр» ЖАКтын ишке жарактуулугу жөнүндө корутунду беришет). Белгилей кетсек, «Кумтөр» жабык акционердик коомунда ишке жарактуулугу боюнча корутундуну Кыргыз-Индия тоо-кен биомедициналык изилдөө борбору чыгарбашы керек», — деди Ногойбаев.

Ал белгилегендей, акыркы 3 жылда илимий борбордун мультивалюталык эсебине «Кумтөр Оперейтинг Компани» ЖАКтан 3064,2 миллион сом жалпы суммадагы каражат негизсиз которулуп, анын 1,4 миллион сому негизсиз эмгек акыга жумшалган, илимий борбордун илимий кызматкерлерине төлөнүп берилген, анын ичинде Директор Сарыбав А.Ш. 179,0 миң сом. Ченемдик укуктук акт талаптарына ылайык негизсиз алынган кирешелер мамлекеттик бюджетке калыбына келтирилүүгө тийиш.

«Илимий борбордун каражаттары авансалык отчеттордун негизинде каражаттар, көңүл ачууга, инвентарларды сатып алууга жана башка максаттарга жумшалган. Мисалы: берилген документтерде соода үйүлорүнүн Народный, Фрунзе, Деревяшка пиво барынан чектери тиркелген. Материалдарды, запастарды жана башка товарлардын сандык чыгымдалышын ырастаган материалдык отчетторду же эсептен чыгаруу актыларын түзбөгөндүгү аныкталды», — деди башчы.

Индиянын элчилигинен которулган 2 млн 856 миң 800 (эки миллион сегиз жүз элүү алты миң сегиз жүз) доллары же 123,7 миллион сом акча каражаты казыналык системасынан өтпөй пайдаланылган, бул өз кезегинде КРнын мыйзамдарынын бузулушуна алып келген. Мындан тышкары, бардык товар сатып алуу тендерсиз жүргүзүлгөн.

Банктык документтерди текшерүүдө 2020-жылдын 19-июнунда (пандемия учурунда) Илимий борбордун банктык эсебинен 25,0 миң доллар өлчөмүндөгү акча каражаттары негизсиз накталанып алынгандыгы аныкталган. Айтып кетчу нерсе, текшерүүнүн жүрүшүндө 19,9 миң доллар накталай акча кайтарылган. Ошентип, каражаттар 1 жыл 4 айдан кийин кайтарылган.

Мындан тышкары, УКТБ тарабынан эмгек акыларды эсептөө жана төлөө 2011-жылдын 26-майындагы КР өкмөтүнүн № 246 токтомунун талаптарын бузуу менен жүзөгө ашырылат.

Акы төлөнүүчү компьютердик томография кызматынан 2020-жылдын июль айына акча каражаттарынын келип түшүүсүнүн толуктугуна тандалма текшерүү жүргүзүүдө 87,0 миң сом суммасында акча касса тушпой калган.

УКжТ борборунун дарыкана кампасында жалпы суммасы 28,2 миң сомдук сактоо мөөнөтү өтүп кеткен дары-дармек каражаттары жана реактивдер аныкталган. Республикада коронавирус инфекциясынын алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча иш-чаралардын алкагында УКжТ борборунун экспресс-лабораториясында COVID-19га антителолорду аныктоо үчүн 742 комплект өлчөмүндө пайдаланылбаган жана мөөнөтү өтүп кеткен. Мындан тышкары, мөөнөтү 2021-жылдын сентябрында аяктаган 940 тесттер аныкталган.

«Улуттук кардиология жана терапия борбору бааларга мониторинг жүргүзбөстөн, жалпы суммасы 8,2 миллион сомдук товарларды жана кызматтарды сатып алган, бул Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамынын талаптарын одоно бузуу болуп саналат», — деди ал.

Ошондой эле аталган борбор «Кыргызмедсервис» жоопкерчилиги чектелген коомдун эсебине 214,0 миң сом көрсөтүлбөгөн кызмат үчүн которулган. Кардиология борбору тарабынан «Бости Кейжи» жоопкерчилиги чектелген коомдон келишимди талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн айыпты өндүрүү боюнча чаралар көрүлгөн эмес, алдын ала эсептөөлөр боюнча 91,7 миң сом айып өндүрүп алуу зарыл болгон.

Ал белгилегендей, Кардиология борборунун кампасында реалдуу муктаждыгынан ашып кеткен көп сандаган товарлар бар. «Мисалы: сатып алуу учурунда калдык кампада 350 даана лампалар болгон (2 жыл запас), ага карабастан 2020-жылы 350,0 миң сом суммасында 1500 светодиоддук лампалар сатылып алынган (жылына 160 даананы светодиоддук лампалар кетерин билдиребиз). Ушундай эле көрүнүштөр башка 10 позиция боюнча байкалган», — деди Ногойбаев.

Кошумчалай кетсек, 2019-жылдын 31-декабрынан бери УКТ борборунун кампасында жалпы суммасы 545,6 миң сомдук эмеректер колдонбостон турат.

Ошентип, бюджеттик каражаттар УКТБда натыйжасыз пайдаланылып келет. Жогорудагы мыйзам бузуулар тандалма текшерүүнүн натыйжасында гана аныкталган.