Каракол шаардык ички иштер бөлүмү боюнча жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынын бөлүмчөсүнүн кызматкерлери азык-түлүк түрүндөгү материалдык жардамды, минималдык өлчөмүндө пенсия алган улгайган адамдарга көрсөтүштү. Бул тууралуу  Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматы кабарлады.

Кызмат бөлүмчөсүнүн жетекчиси Талайбек Намазбековдун айтымында, өздүк курам тарабынан эң керектүү болгон азык-түлүктөр сатылып алынып, шаарда жашаган 8 кары адамдарга тапшырылып берилди.

«Ар бир адамга, мейли ал чочун адам болсун, аларга жакшылык кылуу, кыйынчылыкты жаратпайт. Эгерде, жүрөгүңдө жылуулуктун кичинекей бир бөлүкчөсү болсо, анда ал жылуулукту башкаларга тартуулоо керек. Балким ошондо, рухий байлыгыбыздын бөксөсү толуп, дүйнөбүз оңолмок», — дейт Т. Намазбеков.