Жаңы жылга чейин канткенде ден соолукка зыян келтирбей, бирок тез арыктаса болот? Суроого Sputnik радиосунун эфиринде диетолог Елена Соломатина жооп берди.

«Жыл жаңырарына саналуу күндөр калды. Бул учурда көпчүлүк жаңы жылдык кечелерге, жолугушууларга кандай кийинип барарын ойлонуп, гардеробун «каза» баштайт. Качан гана былтыркы көйнөгүнө батпай калганын көргөндө тез аранын ичинде арыктоону чечет. Бирок бат арыктоо ден соолукка зыян», — деди дарыгер.

Адистин айтымында, бир нече күн ичинде анча көп эмес, бирок ден соолукка зыян келтирбей салмак таштоонун бир гана жолу бар.

«Таттуу жана туздуу тамактардан баш тартуу керек. Таттуу жегенде организмге май чогулат, ал эми туздуу тамак сууну чыгарбай, шишитет. Анткен менен клетчаткага бай жашылчаларды көбүрөөк жеп туруу зарыл», — деди диетолог.

Адистин пикиринде, жер-жемиш майды азайтып, ичеги-карындын ишин жакшыртат.

Маалыматка караганда, эки апта ичинде 2-3 килограмм салмак таштаса болот. Андан ашып кетсе, организмге кесепети тиет.