Бүгүн, 11-декабрда дүйнө жүзү Кыргыз Республикасынын демилгеси менен 2003-жылдын 30-январында БУУнун Башкы ассамблеясынын 57-сессиясында бекитилген Эл аралык тоолор күнүн белгилейт. Бул тууралуу КРнын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бул салтанаттуу күндүн урматына КР Тышкы иштер министрлиги министрдин орун басары Азизбек Мадмаровдун төрагалыгынын астында Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн координациялык кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө эл аралык донорлор үчүн КР президенти Садыр Жапаров тарабынан 2021-жылдын 21-сентябрында БУУнун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясынын жалпы дебаттарында демилгеленген “Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык” концепциясынын бетачары өткөрүлдү.

Демилгенин башкы идеясы — БУУнун алкагында тоолуу өлкөлөрдүн расмий категориясын түзүү жана жакынкы беш жылдын ичинде тоолордун көйгөйлөрүнө арналган иш-чаралардын комплексин өткөрүү. Бул иш-чараларга даярдануу процесси дүйнө жүзүндө тоолуу аймактар, алардын мааниси жөнүндөгү билимдин жайылтылышына, тоолуу аймактардын туруктуу социалдык экономикалык өнүгүүсүнө, тоолуу өлкөлөрдүн ортосунда экономика, илим, билим жана маданий алмашуулар чөйрөсүндө өз ара пайдалуу кызматташууну өнүктүрүүгө жол ачуучу идеяларды иштеп чыгууга шарт түзөт.

Министрдин орун басары иш-чаралардын мындай ири комплексин уюштуруу КРнын өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрүнүн жана Тоолуу өлкөлөрдүн досторунун тобуна кирген мамлекеттердин саясий, финансылык жана техникалык колдоосусуз мүмкүн эмес экенин белгиледи.

Жолугушуунун катышуучулары Кыргызстандын демилгесине оң баа беришип, аны мазмунга толтуруу боюнча өздөрүнүн пикирлери жана идеялары менен бөлүшүштү.

Жолугушуунун соңунда тараптар “Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык” концепциясында чагылдырылган маселелерди биргелешип аткаруу боюнча эксперттик деңгээлде консультацияларды улантуу тууралуу макулдашышты.