Борбордук шайлоо комиссиясы 9-декабрдагы отурумунда №8 Төлөйкөн бир мандаттуу округу боюнча парламенттик шайлоонунун жыйынтыгын чыгарууну убактылуу токтотту. Буга талапкерлердин бири Шайлообек Атазовдун атаандашынын үстүнөн БШКга жазган арызы негиз болду.

Арызда аталган шайлоо округунан эң көп добуш алган талапкер Нурбек Алимбеков тарабынан үгүт маалында бир катар мыйзам бузуулар катталганы маалымдалган.

Ал эми отурумга катышкан депутат Шайлообек Атазов Алимбековдун шайлоо маалында мыйзам бузууларынын төрт фактысы боюнча күч органдарына кайрылганын билдирди. Анын айтымында, 26-ноябрда УКМК Нурбек Алимбековдун «мурда прокуратурада иштеген Нургазы аттуу жээни талапкердин штабында акча таратып жаткан жеринен кармалган».

Атазов «добуш сатып алуу» боюнча тергөө 29-ноябрда аяктап, прокуратурага жөнөтүлгөнүн билдирди. Талапкер БШКдан ишке «мыйзам чегинде баа берүүнү» жана атаандашы Нурбек Алимбековдун каттоосун жокко чыгарууну өтүндү.

Ош ОИИБдин жетекчисинин орун басары Абилбек Алимкулов алгач Алимбековго байланыштуу «Шайлоочуларды сатып алуу» боюнча иш тергелип, шектүүгө айыбы угузулганын билдирди. Ал эми Ош ШИИБи ишти сотко өткөрүү үчүн материалдарды Оштун прокуратурасына жибергенде көзөмөл орган «далилдер жетишсиздигинен» кайра тергөөнү тапшырган.

Милиция «добуш сатып алуу» боюнча ишти кайрадан тергеп, «тийиштүү далилдер жок болгондуктан» аны кыскартып салган. Учурда Ош шаардык прокуратура иштин кыскартылышынын мыйзамдуулугун текшерип жатат.

Ал эми БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова эгерде талапкер добуш сатып алганы сотто тастыкталса, ал депутаттык мандатынан ажыратылаарын эскертти.

«Өзүңүздөр билесиздер, эгерде депутаттар күнөөлүү деп табылган соттун чечими чыкса алардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча мыйзамда негиз бар. Соттун чечими негиз болот. Ошол тартипте да карап көрсөңүз», — деди Шайлдабекова.

Отурумдун аягында БШКнын мүчөлөрү Атазовдун арызынын негизинде №8 Төлөйкөн шайлоо округунун жыйынтыктарын чыгарууну убактылуу токтоттуу тууралуу чечим кабыл алышты. Алар Ош шаардык прокуратурасынын корутундусу чыккандан кийин акыркы чечим кабыл алынаарын кошумчалашты.

28-ноябрдагы парламенттик шайлоодо Нурбек Алимбеков №8 Төлөйкөн шайлоо округунун шайлоочуларынын 40,96% добушуна ээ болуп алдыга чыкты. Ал эми Шайлообек Атазов 36,81% добуш менен экинчи орунда калган.

Булак: Клооп.кж