2021- жылдын 19-декабрында саат 11:00дө Кыргыз Улуттук тарых музейинде “Кийиз Дүйнө” коомдук фонду Kiyiz Duino Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинин колдоосу менен саймачылардын үчүнчү жолку Республикалык “Сайма чемпионаты – 2021” сынагын өткөрөт.
Сынак өткөрүүнун максаты:
“Өнөрдүн көркү – саймачылык” Салттуу билимдердин эң ирилеринин бири сайманы кайрадан жандандыруу, сактоо жана жайылтуу. Иш-чара бүгүнкү күндөгү салттуу маданиятыбызды жана кол өнөрчүлүгүбүздү даңазалоого багытталып, кыргыз саймаларынын ордун баалап, ал өнөрдү алып жүрүүчүлөрдү шыктандыруу жана керме сайма сайуунун жандандырууга өбөлгө тузөт.
Сайма чемпионатына Кыргызстандын баардык аймактарынан “керме сайма” сайганды билгендер катыша алат.
Шарттары:
1. Сайма ЧЕМПИОНАТКА катышуу үчүн, катышуучунун баракчасын толтуруп уюштуруучуларга 0708-32-62-64 номерине жиберүү керек.
2. Чемпионатта сайылуучу сайманын багыты 18-декабрь саат 19:00 дө катышуучуларга уюштуруучулар тарабынан жөнөтүлөт. Ар бир катышуучу багыт алат, даярдык көргѳнгѳ убактылары болот.
3. Ар бир катышуучу белдемчисин кийип келүүсү шарт (дресс код)
4. Ар бир катышуучу керме сайма саюуга керектүү кергич, шибегени ѳзү менен ала келет.
5. Берилген убакыт аралыгында ар бир катышуучу, кездемени кермеге керип, берилген темага жараша өзүнүн оюусун чийип, анан сайманы сайып чыгуу керек.
Баалоо:
1. Сайманын сапаты (сайманын сайылышы, жиптин аралыгынын жайгашышы)
2. Чыгармачылыгына (берилген теманын туура так жана ошондой эле өзүнүн чыгармачылыгын кошуп аткаруусу)
3. Убактысына (берилген убакыттын ичинде канчалык көлөмдө сайма сайгандыгы)
тез арада тапшырманы сайып бүтүүсү эске алынбайт
Чемпионаттын алкагында:
1. “Саймачынын чебердиги” атайын иштелип чыккан эн белгиси баардык белдемчи курсун бүткөндөргө берилет .
2. Атайын белдемчилердин дефиле сынагы болот. Бул сынака 2021-жылы өзү колго саймасын сайып, тиккен белдемчилери бар уздар катышат. Сынакка катышуучу уздар уюштуруучу топ менен байланышып каттоодон өтүүсү зарыл. Сынактын алкагында мыкты белдемчилерге белектер бар.
3. Биринчи жолу керме сайма менен сайылган буюмдардын көргөзмө сатыгы уюштурулат
Уюштуруучулар: Кийиз Дүйнѳ коомдук фонду Kiyiz Duino жана Кыргыз улуттук тарых музейи
Чемпионатка катталуу: 7-декабрда башталып, 18-декабрь саат 17-00 бүтѳт.
Өтүү убактысы: 19-декабрь катоо 10:00 башталышы саат 11:00
Өтүү орду: Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейи