Соңку кездеги биздин жашоодогу бир чындыктар:

Биздин имараттарыбыз бийиктеген сайын – сабырыбыз төмөндөп барат.

Жолдорубуз кеңейген сайын – көз караштарыбыз тарып баратат.

Көп коротобуз, көптү сатып алабыз, бирок коротконубузга нараазыбыз, сатып алганыбызга кубанбайбыз.

Чоң үйлөрдү салабыз, а анда жашагандар аз.

Чоң үйлөр салынган сайын чоң үй-бүлөлөр азайып баратат.

Жашоону ыңгайлоо менен убарабыз. Ал ыңгайлашкан сайын убакыт да эч нерсеге жетпес болду.

Билимдин күчтүүсүн алабыз, бирок акылыбыз аз иштейт.

Билермандарыбыз көп, андан проблемаларыбыз азайып калган жок.

Медицина өнүккөн сайын ден-соолугубуз начарлап барат.

Юмор көп, бирок жылмайган адам аз.

Дааватчылар, молдолор көбөйдү бирок адепсиздик андан көбөйүп, ыйман, пейил жок.

Көп уктайбыз, бирок эс албайбыз.

Унааларыбыз тез жүрөт, бирок туугандарга такыр жетпейбиз.

Билимге умтулабыз, бирок баалуулуктарды жоготтук.

Көп сүйлөйбүз, бирок түшүндүрө албайбыз.

Сүйүүнү көп сүйлөйбүз, бирок көп жек көрөбүз.

Кыргыз эл акыны Элмирбек Иманалиев