Эл аралык олимпиада комитети мамлекеттердеги алдыңкы спортчуларга 2024-жылы өтө турчу жайкы Олимпиада оюндарына даярдануу үчүн ай сайын 1 500 доллардан берет. Бул тууралуу Улуттук олимпиада комитетинин өкүлү Канат Аманкулов жыйында билдирди.

Анын айтымында, эл аралык комитет буга чейин перспективдүү атлеттерге жайкы Олимпиадага даярдануу үчүн ай сайын 500 доллардан, кышкы Олимпиадага камынуу үчүн 1, 5 миң доллардан берип келген. Быйылтан баштап эки стипендия теңдештирилген.

«Стипендияга жыйынтык көрсөтө турчу спортчулар илине алат. Ал үчүн Кыргызстандагы федерациялар спортчулардын тизмесин Эл аралык федерацияларга жөнөтөт. Ал жактан каралып, анан Эл аралык олимпиада комитетине жиберилет. Ай сайын спортчуга 1,5 миң доллар берилет, ал үч ай сайын комитетке кеткен чыгымдар тууралуу отчёт берип турат», — деди Аманкулов.

УОКтун өкүлү мындай стипендияны Кыргызстандын атынан 12 спортчу алса болорун айтып, федерацияларды тиешелүү кагаздарды даярдоого чакырды.