Борбордук шайлоо комиссиясы бир мандаттуу шайлоо округдарынан жеңүүчү аталган сегиз талапкерди расмий жарыялады.

Ага ылайык, төмөнкү округдардын жыйынтыгы толук чыгып бүттү:

  • №7 Ош шайлоо округу —Айбек Осмонов депутат болуп шайланды;
  • №15 Базар-Коргон шайлоо округу — Айбек Алтынбеков;
  • №16 Ноокен шайлоо округу — Бактыбек Сыдыков;
  • №22 Жайыл шайлоо округу — Нурланбек Азыгалиев;
  • №23 Москва шайлоо округу — Ханджеза Карим;
  • №28 Октябрь шайлоо округу — Дастан Бекешев;
  • №33 Нарын шайлоо округу — Улан Бакасов;
  • №32 Төлөйкөн шайлоо округу — Нурбек Алимбеков.

Белгилей кетсек, БШК добуш берүү бүткөндөн кийин 20 күндүн ичинде (18-декбарга чейин) шайлоонун расмий жыйынтыгын чыгарып, жеңүүчүлөрдү аныкташы керек.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өттү. Алдын ала жыйынтык боюнча, парламентке 90 адамдын ордуна 88 киши депутат болуп келет. Себеби бир мандаттуу эки шайлоо округунда «баарына каршы» деген графа көп добуш алган. Мыйзам боюнча, ал шайлоо участкаларында кайра шайлоо өтөт.