Президент Садыр Жапаров «Билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө системасын жакшыртуу жана билим берүү уюмдарынын финансылык ишинин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу боюнча кээ бир чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол койду

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, бул жарлыктын алкагында министрлер кабинетине эки айлык мөөнөттө төмөнкүдөй чараларды көрүү тапшырылды:

– менчигинин түрүнө карабастан Кыргыз Республикасынын жогорку жана орто кесиптик билим берүүсүнүн билим берүү уюмдарынын Кыргыз Республикасынын жарандары болуп эсептелген студенттерине акы төлөнүүчү билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн наркын 10 айдын ичинде (студенттин каалоосу боюнча) ай сайын бирдей бөлүк менен төлөө мүмкүндүгүн берүү;

– Кыргыз Республикасынын жогорку жана орто кесиптик билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын чыгашалар жана кирешелер, анын ичинде социалдык эсеп боюнча чыгашалар сметасын аткаруусун контролдоо;

– Кыргыз Республикасынын жогорку жана орто кесиптик билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарын мамлекеттик үлүш катышкан банктарда тейлөөгө өткөрүү.