Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев «Билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө системасын жакшыртуу жана билим берүү уюмдарынын финансылык ишинин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу боюнча кээ бир чаралар жөнүндө» мамлекет башчысынын жарлыгы боюнча түшүндүрмө берди.

Ал белгилегендей, бул жарлыктын алгылыктуу жаңычылдыктарынын бири студенттердин окуу келишимин акырындык менен төлөп берүүсү.

«Жөнөкөй тил менен айтканда, студенттер контракттын суммасын бир жолу же эки этап менен толук төлөшөрүн билесиздер. Башкача айтканда, шарттуу түрдө контракттын жалпы суммасы 40 миң сом болсо, окуу жылынын башында 20 миң сом, биринчи жарым жылдыктын аягында калган 20 миң сом төлөнүшү керек. Бул сумманы бир убакта төлөп берүү дайыма эле ыңгайлуу боло бербейт, ошондуктан президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен министрлер кабинетине өлкөнүн студенттери бүтүндөй ай сайын бирдей үлүш менен контракттарды төлөй турган механизмди иштеп чыгуу тапшырылды», — деди Султанбаев.

Абал менен эсептешип, шарттуу түрдө жалпы контракттын суммасы 40 миң сомду түзсө, жогорку жана орто кесиптик окуу жайлардын студенттери 10 ай бою айына 4 миң сомдон төлөй алышат деп айта алабыз, деп түшүндүрдү басма сөз катчы.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө өлкөнүн жогорку окуу жайларында 219 миңге жакын студент, орто кесиптик билим берүү мекемелеринде 95 миңден ашуун студент билим алууда.

«Президент Садыр Жапаров өз ишмердүүлүгүндө билим берүү системасын өркүндөтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурат. Бул чара биздин студенттерге жана алардын ата-энелерине жакшы колдоо болот деп ишенебиз», — деди ал.