Исхак Раззаковдун үй-бүлөсүндө эмнеликтен архив сакталып калган эмес? Саясатчы кандай инсан эле? Кыргызстандын жетекчисинин небересинин балалыгы кандай өткөн? Буларга ушул маектен жооп таба аласыз.

Кыргызстанда быйыл Исхак Раззаковдун 110 жылдыгы белгиленди. Иш-чара былтыр өтмөк, бирок пандемиядан улам жылдырылган. Редактор-баяндамачы Таалайбек Ороскулов жана колумнист Алмаз Батилов улуу инсандын жээн небереси Берк Раззаков менен маек курду. Азыр 46 жашта. Ал Москва шаарында жашап, апасы Элмира Раззакованы багат.

— Саламатсызбы? Кандай келип алдыңыз?

— Кыргызда бир сөз менен: «Жакшы» дешет эмеспи. Мекенге келүү дайым жагымдуу.

— Исхак Раззаковичтин мааракесине кимден чакыруу алдыңыз?

— Билишимче өкмөт чакырган, бирок мында Исхак Раззаков фондунун төрагасы Замир Осмоновдун ролу чоң экенин белгилеп коюу керек. Чакырууну ошол кишиден алгам.

— Таятаңыздын 110 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага күбө болгом. Ошондо сүйлөгөн сөзүңүз көпчүлүктү таасирленткен. Текстин апаңыз менен макулдашкан белеңиз?

— Ооба, албетте. Апам (Элмира Раззакова — Исхак Раззаковдун кызы) менен сүйлөчү сөзүмдү макулдашкам. Анткени ал ден соолугуна байланыштуу келе алган эмес. Астмадан азап тарткандан тышкары, омуртканын бузулушуна байланыштуу сейрек генетикалык оорусу бар. Өзүм да кичинемден астма менен ооруйм. Таятам каза болгон тушта ооруп калыпмын.

— Таятаңыз менен баарлашууда эмнелер жадыңызда калды? Исхак Раззаковичтин кайсы сапатын жактырар элеңиз?

— Боорукерлигин баалачумун. Негизинен аны көрүнүктүү партиялык жана мамлекеттик ишмер катары мүнөздөп келишет. Бирок ал жакшы экономист жана талдоочу да болгон. Өмүрүнүн соңку жылдары «Правда» гезитин колуна алып, барактап чыгып: «Бул – соңунун башаты» деп үшкүрүнүп ары жылдырып койчу экен.

Ал кезде көп нерсени түшүнчү эмесмин, бирок таятам чоң өзгөрүүлөр болорун алдын ала көргөн экен. Билишимче, күндөлүгүндө да бул тууралуу көп токтолуп, Советтер Союзу жана советтик бийликтин келечегинен үмүтү үзүлгөндөй маанайда жазган. Таятам улуу инсан болгон, андан айырмаланып мен кадыресе кишимин. Генийлердин балдарында табият тыныгат деп коёт эмеспи.

— Ысымыңыз абдан кызыктуу, бирок маалымат каражаттарында ар кандай жазылат.

— Чоң атамдын атын коюшуптур, анын толук ысымы Берик-Мухаммед экен. Бирок совет убагында, анан да Москвада эки сөздөн турган, болгондо да Мухаммед ысымын тийиштүү органдар каттабай коюшмак. Ошентип күбөлүккө кыскартып Берк деп жазылыптыр.

— Өзүңүз тууралуу да билсек.

— Москванын четиндеги катардагы советтик бала болгом. Көпчүлүк балдардай эле мектепте жакшы окуп, олимпиадаларга катышып, шаардык сынакта тарых боюнча эки жолу жеңгем.

Россия мамлекеттик университетинин алдындагы гуманитардык лицейин аяктагам. 1999-жылы Египеттеги айтылуу Аль-Азхар ислам университетине араб филологиясы бөлүмүнө өткөм. Айтмакчы, бул окуу жайда ошол маалда Кыргызстандан 150 чакты студент билим алчу. Тилекке каршы, ден соолугума байланыштуу 2005-жылы окууну таштоого мажбур болдум.

— Ысымыңыз абдан кызыктуу, бирок маалымат каражаттарында ар кандай жазылат.

— Чоң атамдын атын коюшуптур, анын толук ысымы Берик-Мухаммед экен. Бирок совет убагында, анан да Москвада эки сөздөн турган, болгондо да Мухаммед ысымын тийиштүү органдар каттабай коюшмак. Ошентип күбөлүккө кыскартып Берк деп жазылыптыр.

— Өзүңүз тууралуу да билсек.

— Москванын четиндеги катардагы советтик бала болгом. Көпчүлүк балдардай эле мектепте жакшы окуп, олимпиадаларга катышып, шаардык сынакта тарых боюнча эки жолу жеңгем.

Россия мамлекеттик университетинин алдындагы гуманитардык лицейин аяктагам. 1999-жылы Египеттеги айтылуу Аль-Азхар ислам университетине араб филологиясы бөлүмүнө өткөм. Айтмакчы, бул окуу жайда ошол маалда Кыргызстандан 150 чакты студент билим алчу. Тилекке каршы, ден соолугума байланыштуу 2005-жылы окууну таштоого мажбур болдум.

— Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө билим алууңузга эмне түрткү болду?

— Апам жактан туугандарыбыз каза болгондо 13 жашта элем. Жаназа окутууга молдо таап, уюштуруу жагын да мен колго алышым керек болду. Ошондо исламга катуу кызыгып, 14 жашымдан тарта мечитке бара баштагам.

— Кичи мекениңизди – Лейлекти көргөнсүзбү?

— Ооба, көп жолу бардым. 1990-жылдардын башында апам экөөбүз бир нече ай жашап да кеткенбиз. Андан кийин Бишкекке көчүп, бир аз турдук. Тилекке каршы, апамдын саламаттыгы үчүн Москвага кайттык. Ал азыр аябай Бишкекте жашагысы келет, бирок бийик тоолуу климат анын ден соолугуна туура келбейт.

Акыркы жолу Лейлекке, жаңылбасам 2000-жылы баргам, бирок Бишкекке улам каттап, Исхак Раззаков атындагы фонд менен байланышып турам.

— Апаңыз эмне болуп иштеген?

— Москва мамлекеттик университетин классикалык этнография адистиги боюнча бүтүргөн. Чыгыш таануу институтунда көп жыл иштеди. Бирок кандидаттык диссертациясын жактоого камынып жүргөндө ден соолугу кескин начарлап, майыптык боюнча жумуштан кетүүгө аргасыз болгон.

— Исхак Раззакович Москвага көчүп баргандан кийин кыйынчылыктар болду беле?

— Муну айтышым кыйын, анткени мен 1975-жылы төрөлдүм, ал эми үй-бүлөм 1961-жылы көчүп барыптыр. Апамдын жана үйдөгүлөрдүн айтымында, кандайдыр бир көйгөйлөр болуптур, бирок Советтер Союзунун башка жарандарынын турмушуна салыштырмалуу чоң деле эмес.

Лейлек жана Фрунзеден меймандардын көп келиши бизди кубандырар эле. Азыр Москвада жашап, иштеп калган айрым туугандарыбыз менен алигүнчө тыгыз катташабыз.

— Туугандардан тышкары, ошол кездеги Кыргыз ССРинин аткаминерлеринен конокко келгендери болчу беле?

— Ооба, тез-тез келип турушчу. Таятамдын тирүүсүндө да, көзү өткөндөн кийин да кабар алып турушчу. Мисалы, Кыргыз ССРинин Министрлер кеңешинин төрагасы Казы Дикамбаевдин үй-бүлөсү менен ымалалаш элек, Фрунзеде да алардыкына көп конокто болгонбуз. Айтмакчы, бул байланыш азыркыга чейин уланат. Ташкенттен да меймандар көп келер эле, себеби таятам Өзбекстанда да бир топ жыл иштеген эмеспи.

Азыр эми андайлар сейрек, анткени таятамдын кесиптештеринин көбү бул дүйнөдөн көчүп кетти, кээде балдары, неберелери келип калат.

— Кыргызстанда таятаңыз жөнүндө тартылган тасманы көрдүңүзбү?

— Албетте. Биографиялык багытта абдан жагымдуу таасир калтырды. Тасма тартуучулар Исхак Раззаковдун өмүр таржымалына чоң сый-урмат менен карашкан экен. Эгер кеңири токтоло турган болсок, оператордук иш, режиссёрдук табылгаларды баса белгилегим келет. Режиссёр Алим Токторов көп жагынан таятама түспөлдөш экен. Анан да фильмде Кыргызстандын жаратылышы абдан жакшы чагылдырылыптыр.

— Тасма тартууда ал сиздер менен кеңешип турдубу?

— Алим Токторов менен фильм тартылып, Москвада көрүүчүлөрдүн назарына коюлгандан кийин көп баарлаштык. Апам экөөбүз ошондо көрдүк тасманы.

— Исхак Раззаковичтин жеке архиви сизде сакталып калдыбы?

— Менимче, кайсы бир бөлүгү музейлерде. Себеби таятамдын документ, буюмдарынын көбүн, куттуктоо жана өкмөттүк телеграммаларга чейин музейлерге өткөрүлгөн. Бизде дээрлик калган деле жок.

Исхак Раззаковдун биринчи музейи 1989-жылы ачылган. Мен билгенден үч же төрт музей иштечү, бирок аларга берилген архивдин көбү жоголуп кетти. Кандайча болгонун билбейм, бирок ушундай экен.

— 90-жылдары музейлердин көбү кыйынчылыкка тушугуп, музейдин улгайган кызматкерлери бузулуп кетпесин деп экспонаттарды үйлөрүндө сактоого алып кетишкен экен. Балким, алар да бул маекти окуп, архивдерди табууга жардамдашат чыгаар. Айрыкча кыргыз тилдүү окурмандар. Өзүңүз кыргызча сүйлөйсүзбү?

— Ооба, бирок, тилекке каршы, тилди тиричилик деңгээлинде гана билем. 1990-жылдардын башында – Кыргызстанга келердин алдында атайын кыргызчаны өз алдынча үйрөнгөм. Бишкек гуманитардык университетинде иштеген киши да жардам берчү. Бирок кийин ал Москвага кетти. Ошондо дурус эле үйрөнүп калгам, бирок түштүккө барганымда ал жакта эл анча түшүнбөгөн диалектиде сүйлөрүмдү билдим. Кийин Москвага кетип, тилди унута баштадым.

— Жаштарга эмне деп айтар элеңиз?

— Эне тилди унутпай, улууларды кадырлап, өз мекениңерди сүйгүлө демекмин.

Тарыхый маалымат

Кыргызстан жана Өзбекстандын көрүнүктүү мамлекеттик ишмери Исхак Раззаков Лейлек районундагы Кулунду айылында туулган. Он жашында томолой жетим калып, адегенде Хожент, кийин Ташкенттеги балдар үйүндө чоңойгон.

1931-жылы Исхак Раззакович Ташкент педагогикалык окуу жайын аяктап, ал эми 1938-жылы Москва эл чарбасы институтун бүтүргөн. Орус, тажик, өзбек тилдерин билген.

Билим алган соң Өзбекстандын борбор шаарына келип, пландоо органдарында эмгек жолун түптөп, алты жылдан кийин, тагыраагы, 1944-жылы республиканын Элдик комиссарлар кеңешинин төрагалыгына дайындалат. Аны «өзбек элинин кыргыз уулу» деп коюшчу.

Ата мекендик согуш убагында күжүрмөн эмгеги үчүн Кызыл Жылдыз жана I даражадагы Ата мекендик согуш ордендери менен сыйланган. 1945-жылы Раззаковду Өзбекстандын КП Борбордук комитетинин катчылыгына дайындашат. Кийинчерээк аны Кыргыз ССР Министрлер кеңешинин төрагалык кызматына которушат. Ал эми 1950-жылдан 1961-жылга чейин Исхак Раззаков Кыргыз ССРинин КП Борбордук комитетинин биринчи катчылыгын аркалап, республиканы жетектеп турган.

Ушул убакыт аралыгында Раззаков социалдык-экономикалык маселелер боюнча чоң өсүшкө жеткирип, анын жетекчилиги менен республиканын илим-билим дарамети түптөлгөн. Анын кыраакылыгы менен кыргызстандык жаштардын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн көпчүлүгү СССРдин белдүү жогорку окуу жайларына жөнөтүлгөн. Раззаков маданияттын өнүгүшүнө да эбегейсиз маани берген. Булардан сырткары, кыргызстандык алгачкы дипломаттар иштей баштаган, болбосо алар ошол кезге дейре советтик тышкы саясий мекемеде жок эле.

1961-жылы Раззаков негизсиз жерден айыпталат. «Республиканын партиялык уюмун жетектөөдөгү ири катачылыктары жана кемчиликтери үчүн» деген себеп менен Кыргыз ССРинин жетекчилик кызматынан алынат. Москвага кыйла төмөн кызматка которушат.

Москва калаасында 1979-жылы 19-мартта көз жумган. 2000-жылы анын сөөгү кайрадан «Ала-Арча» көрүстөнүнө көмүлгөн. 2015-жылы КР өкмөтүнүн буюртмасы менен Исхак Раззаковдун элесине арналган тарыхый тасма тартылган.

Булак: Спутник радиосу

https://sputnik.kg/society/20211211/1054940208/iskhak-razzakov-kandaj-insan-bolgon-nebere-maek.html