Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын издөөгө алынган кызматкери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен (УКМК) билдиришти.

УКМК тарабынан мамлекеттик органдар системасында, өзгөчө укук коргоо системасында мыйзамсыз көрүнүштөрдүн алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча системалуу иштер улантылууда.

УКМКга О.А. аттуу кыргызстандык Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын С.Р. аттуу кызматкери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, алдоо жолу менен анын 135 миң АКШ доллар өлчөмүндөгү акча каражатын ээлеп алып, ар кандай шылтоолор менен кайтарып бербей жаткандыгы тууралуу арыз менен кайрылган.

Аталган факты боюнча УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту жана 4-пункту (“Кызматтык абалынан пайдаланып, өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык”) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Аталган С.Р. издөөгө алынып, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы (сыртынан) тандалган.

12-декабрда ыкчам издөө иш-чарасынын жүрүшүндө, издөөдө жүргөн жарандын жашаган жери аныкталган. Ал Чүй облусунун Аламүдүн районунун Беш-Күңгөй айылынан тергөө органдарынан жашырынып жүргөн жеринен кармалган.

Азыркы учурда С.Р. аталган иш боюнча тиешелүү ыкчам тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык УКМК тергөө камак жайына киргизилди.

УКМК С.Р. аракетинен жапа чеккендерди (0312) 66-04-75 нөөмөт кызматынын телефону, 0702233243 WhatsApp номери аркылуу байланышууну өтүнөт.

УКМК мамлекеттик органдар системасындагы, өзгөчө, укук коргоо системасындагы мыйзамсыз көрүнүштөрдүн алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча системалуу иштерди улантат.