Эксперттер учуу маалында кулап түшкөн смартфон эмне үчүн кооптуу экенин жана гаджет жоголсо учакта отургучту жылдыра албастыгын түшүндүрүштү, деп билдирет The Sun басылмасы.

Телефонду түшүрүү үчүн эң коркунучтуу жер – отургучтун капталы. Австралиянын Жарандык авиациянын коопсуздугу боюнча башкармалыгынын айтымында, бул учактын бортунда өрт чыгышына алып келиши  мүмкүн.

«Смартфондор отургучтун механизмдерине түшүп, жылдырганда жарака кетиши мүмкүн. Бул аппараттын литий батарейкасын бузуп, көбүнчө өрткө, жада калса жарылууга алып келет», — дешет адистер.

Ушундай эле окуя Австралиянын Qantas авиакомпаниясынын лайнеринде Мельбурнга учуп баратканда орун алып, окуя трагедияга айланып кете жаздады. Жүргүнчүлөрдүн биринин телефону отургучтун астына түшүп калып, алгысы келгенде трубка түтөй баштаган. Учактын экипажы өрттү өчүрүүгө шашылып, учкуч Сиднейге чукул конуу үчүн учактын багытын өзгөртүүгө аргасыз болгон.

«Жүргүнчүлөр учуп баратканда телефону жоголуп кетсе, ордун жылдырбай, дайыма стюардессалардан жардам сурап кайрылууну эстен чыгарбашы керек. Ошондой эле стюардессаларга телефонуңуз бузулганын эскертип туруу зарыл», — деп кошумчалайт адистер.