Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун директору, КРнын Улуттук илимдер какдемиясынын жана Россиянын илимдер академиясынын академиги Сабырбек Жумабековго «Казақстан Тәуелсіздігіне 30 жыл» мааракелик медалы менен сыйлады. Бул тууралуу оорукананын Фейсбуктагы баракчасына жазылды.

Билдирүүгө ылайык, медаль Казакстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгынын алдында Казакстандын президентинин жарлыгы менен Казакстандын саламаттыкты сактоо жана медицина илимин өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн, ошондой эле эки элдин ортосундагы кызматташтык достукту чыңдаганы үчүн ыйгарылат.

Белгиленгендей, Жумабеков 2013-жылы Казакстан Республикасынын «Достык» ордени менен сыйланган. 2014-жылы Казакстандын Кыргызстандагы ардактуу консулу болуп дайындалган.

«Анын жетекчилиги менен 10дон ашык илимдин кандидаттары жана докторлору корголду. Бүтүрүүчүлөр Казакстандын бардык аймактарында иштешет. Бул аралыкта ал Казакстандын жарандарына 3,5 миңден ашык операция жасаган», — деп айтылат билдирүүдө.