Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев “Балдардын башталгыч, негизги жалпы жана орто жалпы билим алууга конституциялык укугун камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” жарлыкка түшүндүрмө берди.

Анын айтымында, балдардын билим алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү маселеси бүгүнкү күндө коомдун актуалдуу көйгөйлөрүнүн бири бойдон калууда.

«Өлкөбүздүн айылдарында да, шаарларында да мектепке барбаган же үзгүлтүксүз түрдө барбаган балдар бар. Алардын айрымдары ата-энесине жардам берүү үчүн иштөөгө аргасыз болсо, айрымдары майыптар жана башка себептер менен иштешет.

Улуттук статистикалык комитетинин жана Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча, быйылкы окуу жылынын башында 2,5 миңден ашык бала мектепке барбай калган.

Өлкөнүн Конституциясына ылайык, ар бир жаран, анын ичинде балдарда да бекер башталгыч, негизги жалпы жана орто жалпы билим алууга укуктуу.

Президенттин жарлыгына ылайык, өлкөнүн бардык аймагында мектеп жашындагы мектепке тартылбаган, окуусун баштабай же окуусун токтоткон балдарды каттоо жүргүзүлүп, бул балдарды мектептерде аныктоо боюнча зарыл чаралар көрүлөт.

Бир айлык мөөнөттө аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө керектүү кийим-кече, мектеп формасы жана окуу куралдарын алууга көмөк көрсөтүү тапшырылды.

Ошондой эле баланын билим алуусуна чектөө койгон же чараларды көрбөгөн ата-энелердин жоопкерчилигин караган мыйзам долбоору иштелип чыгат.

Өз кезегинде жергиликтүү бийлик органдары жана мектеп директорлору балдардын билим берүү мекемелерине катышуусун системалуу түрдө көзөмөлгө алышы керек», — деди Эрбол Султанбаев.