Коргонбаев Баатырбек Каримович  Кадамжай районунун мамлекеттик админитсрациясынын башчысы — акимдин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу жарлыкка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Коргонбаев  1985-жылы 11-июлда  Кадамжай району, Алга айылында туулган.

2008-жылы  Ош Мамлекеттик Университетин,

2010-жылы КРнын Президентинин алдындагы Башкаруу Академиясын аяктаган.

Адистиги,  Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу адистиги боюнча менеджер,  Менеджмент багыты боюнча магистр.

Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы кеңешчиси.