Саламаттыкты сактоо министрлиги Бишкектеги кургак учукка каршы балдар ооруканасынын ордуна 250 орундуу бала бакча ачып жатат. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, ачылыш аземи эртең болот. Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев балдар үчүн канчалык коопсуз экенин айтып берди. «Биринчиден, кургак учук таякчасы эч качан дубалда, полдо жана башкаларда жашабайт. Бул далилденген. Экинчиден, эки жылдан бери кургак учук менен ооругандар жок. Үчүнчүдөн: санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл менен мэрия уруксат берди», — деди ал.

Буга чейин Шакиров көчөсүндө жайгашкан мурдагы Гематология борборунун имаратында No115 «Наристе» бала бакчасынын филиалы ачылган.