Январдан ноябрь айына чейин Бишкек шаарында жол эрежесин бузгандарга 90 миллион 969 миң 202 сом айып салынган. Бул тууралуу ИИМдин Патрулдук милиция бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, жалпысынан бул мезгилде мыйзам бузуулар боюнча 262 556 протокол түзүлдү:

-мас абалында унаа башкаруу — 2 миң 815;

-айдоочулук күбөлүгү жок унаа айдоо — 2 миң 911;

-автобейбаштык – 62;

-алдыңкы капталдары жана алдыңкы айнектери караңгылатылган унааны башкаруу — 624;

-жөө жүргүнчүлөр жана велосипедчилер — 4 миң 896;

-башка мыйзам бузуулар – 251 миң 248.

Маалым болгондой, камоого 21 миң 16 унаа жеткирилген. 2021-жылдын 10 айында патрулдук милиция  кызматкерлери 2 миң 660 кылмыш жана тартип бузууну каттаган.