Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев УКМКга сурак берип чыкты. Бул тууралуу анын жактоочусу Айбек Самарбеков билдирди.

Анын айтымында, Акаев тергөөнүн маалыматын ачыкка чыгарбоо келишимине кол койгон.

Аскар Акаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте бир нече саат болду. Адвокат сурак дагы улантыларын, ал  ушул жуманын аягына чейин Кыргызстанда болорун кошумчалады.

Белгилүү болгондой, Акаев «Кумтөр» алтын кени боюнча август айынан бери көрсөтмө берип келет.