Чүйдүн Токмок шаарында жайгашкан 9-кабаттуу курулушу бүтпөй турган имараттан эки эркек киши секирүүгө аракет кылган деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

«14-декабрь күнү Токмок ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө 112 кызматынан Токмок шаарындагы курулушу бүтө элек 9-кабаттагы үйдө эки эркек киши жүргөндүгү тууралуу билдирүү түшкөн. Аталган маалымат Токмок ШИИБинде маалыматтарды каттоо китебине катталып, текшерүү иши жүрүп баштаган. Айтылган дарекке дароо ыкчам тергөө тобу барып, териштирүү иштерин жүргүзүшкөн. Имаратка чыккан балдардын аты-жөнү такталып, 24 жаштагы К.С. жана А.А. аттуу жарандар болушкан. Алар имаратка сүрөткө түшүш үчүн чыгышкан. Кийин кызматкерлердин келгенин көрүп ал жерден жерге түшүшкөн», — деп жазылат маалыматта.