«Альянс» партиясы Борбордук шайлоо комиссиясынын 30% гендердик квотаны сактоо боюнча жобону өзгөртүүсү тууралуу сотко кайрылат. Бул жөнүндө партиянын өкүлү Мирлан Жээнчороев билдирди.

“Партиянын юристтери өзүбүздү жүйөлөрдү келтиребиз деп кеңешип жатабыз. Экинчиден, буга чейин бир жолу өтпөй калган документтин шайлоодон кийинки кайра өзгөртүлүшү шайлоонун жыйынтыгына шек жаратат. Мыйзамдуу өлкөдө сот менен чечебиз деп ишенем”, — деди Жээнчороев.

Борбордук шайлоо комиссиясы 15-декабрда партиялык тизме менен шайланып келген талапкерлер арасында 30% гендердик квота кандай сакталары тууралуу жобосун өзгөрткөн.

Бул өзгөртүү жети мандат алган «Альянс» партиясына тиешелүү болуп, талапкер Жанар Акаевдин ордуна аял талапкер Токтобүбү Оргалчанын мандат алары айтылды.