Бишкек шаарынын мэриясында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн (МЖӨ) негизиндеги 40ка жакын инвестициялык долбоорлор бар. Учурда АӨБ, ЕРӨБ линиясы боюнча долбоорлор ишке ашуу стадиясында турат. Бул тууралуу брифингдин жүрүшүндө Бишкек мэриясынын борбордук аппаратынын экономика жана финансы бөлүмүнүн башчысы Адилет Малдыбаев билдирди.

“Биз Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) линиясы боюнча Бишкектин аймагына 50 млн доллардан ашуун каражат тарттык. Бул каражаттардын жарымы – грант болсо, жарымы насыя түрүндө берилүүдө. Акча электр автобустарын сатып алууга керектелет.

Ошондой эле Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы тарабынан (ЕРӨБ) 33 млн еврого бааланган долбоор бар. Бул жерде 13 млн еврону карызга алсак, калганы грант катары берилет. Бул каражаттар дагы автобустарды сатып алууга жумашалат”, – деди Адилет Малдыбаев.

Мэриянын экономика жана инвестиция департаментинин башчысы Кубанычбек Кудабаев бул каражаттар транспорт сатып алууга гана эмес, депону оңдоп-түзөө иштерине дагы жумашаларын баса белгиледи.