Бул тууралуу Токтобүбү Оргалча Фейсбуктагы баракчасына жазды. Анын айтымында, алар 2015-жылы  Кыргызстанга көчүп келип, үй бүлөсү менен негиздеген “Шыдыр Жол Кей Джи” ишканасында эмгектенип келе жатат.

«Мени кытай, уйгур, шпион дегендер могу сүрөттү жакшылап көрүп алыңыздар.

Мен Токтобүбү Оргалча кызы 1972-жылдын 10-сентябрында Кытай Эл Республикасынын Кызыл-Суу кыргыз автономиялуу облусунун Акчий ооданында кызматчынын үй бүлөсүндө туулгам. 1990-1995-жылдары Синьцзян медициналык университетинде жогорку билим алып, врач-кардиохирург кесибине ээ болгонмун. Андан соң 1995-жылдан 2012-жылдарга чейин Пекин медициналык университетинин аспирантурасында билим алуумду уланттым. Окуумду ийгиликтүү аяктагандан кийин  3 жылдай  Кытайдын ири шаарларынын бири Гуанчжоуда ишкерлик менен алектендим. 2015-жылы  ата-бабаларымдын тарыхый мекени болгон Кыргызстанга көчүп келип, үй бүлөм менен негиздеген “Шыдыр Жол Кей Джи” ишканасында ушул убакытка чейин эмгектенип келе жатам.

Мен табиятыман искусствого жакын болуп чоңойдум. Бош убактыларымда ырдаганды жактырам. Айрыкча мекенди сүйүү  ырларын өтө сүйүп угуп, аткаргым келет.

Жолдошум экөөбүз бир уул, бир кызды тарбиялап өстүрүп жатабыз», -деген ал.