«Социалдык технологиялар агенттиги» бейөкмөт уюму БШК тарабынан киргизилген өзгөртүүлөр мыйзам чегинде болгонун айтып, эксперттик түшүндүрмө беришти.

Маалыматта жазылгандай, Кыргыз Республикасынын БШКнын ченемдик укуктук актыларын “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 64-беренесинин 4-бөлүгүнүн талаптарына ылайык келтирүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4 жана 8-беренелерин жетекчиликке алуу менен кабыл алынган.

«Кыргыз Республикасынын БШКнын 2021-жылдын 15-ноябрындагы №786 “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 26-июнундагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому №121» саясий партиялар алган мандаттардын жалпы санынын кеминде 30 пайызын аял-талапкерлердин ортосунда бөлүштүрүүдө так эместиктер жоюлду:

Ошентип, КР БШКнын Регламентине киргизилген өзгөртүүлөр аны «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын талаптарына ылайык келтирүүгө багытталган, атап айтканда, 64-берененин 4-бөлүгү менен: «саясий партия алган мандаттардын жалпы санынын 30 пайызынан кем эмеси добуштардын эң көп санын алган аял-талапкерлердин ортосунда бөлүштүрүлөт», — деп айтылат маалыматта.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун алкагында “Социалдык технологиялар боюнча агенттик” бейөкмөт уюму де-юре конституциялык кепилдиктердин сакталышын жана тең укуктуулукту камсыз кылуу, шайлоо укуктары жана эркектер менен аялдардын бирдей мүмкүнчүлүктөрү жана саясий чөйрөдө гендердик басмырлоого жол бербөө жана эл аралык милдеттенмелердин талаптарын талдоо максатында шайлоо процессине гендердик мониторинг жүргүзөт.

Кошумчалай кетсек, Борбордук шайлоо комиссиясы 15-декабрда партиялык тизме менен шайланып келген талапкерлер арасында 30% гендердик квота боюнча жобону өзгөрткөн. Анда «Альянс» партиясынан Жанар Акаевдин ордуна Токтобүбү Оргалча депутат болот. Ал 1972-жылы Кытайда төрөлгөн, этникалык кыргыз. Кытайда дарыгер болуп иштеп, 2015-жылы Кыргызстанга көчүп келишкен. Жолдошу менен Бишкек шаарында «Шыдыр Жол КейЖи» транспорттук компаниясын жана «Мега» компаниясын негиздешкен. Учурда Кыргызстандын жараны.

Жанар Акаев өзү БШК шайлоо эрежесин өзгөрттү деп эсептейт.