Коом
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал туруктуу
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы 2021-жылдын 16-декабры кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагында курал колдонуу менен чыр-чатак орун алгандыгын маалымдайт.
Кыргызстандын жарандары Баткен облусунун Баткен районунун Көчө-Бою жерлигинде курулуш иштерин жүргүзүп жатышкан учурда ал жерге Тажик Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара аскерлеринин чек арачылары келип курулуш иштерин токтотууну талап кылышкан.
Тараптардын ооз эки кайым-айтышуусунан чыр-чатак орун алган.
Орун алган чыр-чатак учурунда тажик аскер кызматкери Макаров тапанчасынан 4 жолу асманды көздөй ок аткан.
Тез аранын ичинде Кыргызстандын Баткен багыты жана Тажикстандын Исфара багыты боюнча чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп, жолугушууда тажик тарап туура эмес курал колдонулганын моюндарына алышкан, себеби Кыргызстандын жарандары курулуш иштерин чек ара сызыгына жакын жерде эмес Көчө-Бою айылынын ичинде жүргүзүп жатышкан.
Тажикстандын чек ара өкүлү чыр-чатактын орун алуусуна себепкер болгон аскер кызматкерлерине жаза колдоноорун билдирди.
Ошондой эле тараптар бир тараптуу иликтөө иштерин жүргүзүшүп, иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча кошумча жолугарын сүйлөшүштү.