Бүгүн, 17- декабрда, мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин өмүр жолуна, ишмердүүлүгүнө арналган «Кыргыз Республикасынын Баатыры Турдакун Усубалиев» аттуу китептин бет ачары болот. Бул тууралуу Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасынан кабарлады.

«Автор Бактыбек Максүтов бул эмгегинде тарыхый инсандын өмүрү, жашоосу, ишмердүүлүгү, жетекчилик сапаттары туурасында баяндаган. Андан сырткары, китепте Кыргызстандын 60-70 жыл ичиндеги экономикалык жана маданий тармактагы урунттуу учурлар, тарыхый окуялар, саясий турмушу да камтылып кеткен. Усубалиевдин «Манас» эпосуна, өлкөнүн маданиятынын өнүгүшүнө тийгизген таасири, өнөр жайды, айыл чарбасын жана илимди өнүктүрүүдөгү аналитик катары жөндөмү жана уюштуруучулугу туурасында кеп болот», — деп айтылган маалыматта.

Окурмандар эмгектен Исхак Раззаков, Ибраим Султанов, Чыңгыз Айтматов, Тургунбай Садыков, Калый Молдобаcанов, Мамбет Мамакеев сыяктуу мамлекеттик жана искусство, өнөр ишмерлери тууралуу кызыктуу маалыматтарды таба алат.

Маалыматта «Кыргыз Республикасынын Баатыры Турдакун Усубалиев» китебинин Кыргызстандын тарыхын изилдеген адистер үчүн эле эмес, өсүп келе жаткан муун үчүн да руханий-нравалык жактан тарбиялык мааниси бар экени кошумчаланган.