Ысык-Көл облусунун Тоң районунда балык уулоого кеткен эки жаран дайынсыз болууда. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, алар балык уулоого 14-декабрь күнү кетишкен. Алар Кажы-Сай айылынын 73 жана 65 жаштагы эки тургуну.

ӨКМга жарандардын дайынсыз жоголгону тууралуу маалымат 16-декабрь күнү келип түшкөн. Жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМнын Тоң районунун куткаруу кызматынан 4 куткаруучу, 2 суучул жана ИИМден 8 кызматкер тартылган.

Издөө иштери бүгүн, 17-декабрь күнү дагы улантылат.