Бишкекти жаңы жылга карата кооздоо иштерине 2 жарым миллион сом сарпталды. Бул тууралуу «Бишкек жарык» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Айбек Чодонов билдирди.

«Кооздоо иштерин ноябрда баштаганбыз. 4 миллион 972 миң сомго компаниялардын бири тендерден уткан. Ушул убакка чейин 2 миллион 568 миң сомго кооздоо иштери жүрдү. Өзгөчөлүк катары келе жаткан Жолборс жылына карата «Ала-Тоо» аянтына жолборстун сөлөкөтү коюлган, аянттагы имараттарга атайын оюнчуктар илинген, желектер, бугулардын сүрөттөрү түшүрүлгөн»,- деди Айбек Чодонов.

Буга чейин «Ала-Тоо» аянтындагы Жаңы жылдык балатыны жасалгалоого «Бишкек жарык» ишканасы 5 миллион 687 миң 500 сомдук тендер өткөргөнү кабарланган.

Белгилей кетсек, быйыл жаңы жылдын түнүндө Бишкектеги борбордук «Ала-Тоо» аянтында майрамдык салют атылбайт.