Кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналган турнирде Садыр Жапаров эки гол киргизди. Алгачкы жолугушууну Президенттик администрациянын командасы  «Өнөр» командасы менен өткөрдү.

Биринчи тайм 2:0 эсебинде маданият өкүлдөрүнүн пайдасына аяктады. Экинчи таймда өлкө башчынын командасы дарбазачыны алмаштырды. Садыр Жапаров атаандаштарынын дарбазасына эки гол киргизип, жыйынтыгында беттеш тең ​​чыгуу менен аяктады. Эсеп 2:2.

Эскерте кетсек, Бишкекте кыргыз футболунун 100 жылдыгына карата футзал боюнча мелдеш башталган. Ага президенттик аппараттын командалары, улуттук футболдун ардагерлери, журналисттер, спорт федерацияларынын өкүлдөрү, бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү жана маданият ишмерлери катышууда. Беттештер түз эфирде көрсөтүлүүдө.