Тоңдо балык уулоого кетип дайынсыз болуп жаткан эки адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 14-декабрь күнү Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Каджы-Сай айылынын тургундары — 1948-жылы туулган М.Ю. жана 1965-жылы туулган А.А. аттуу эркек кишилер балык уулоого чыгып кеткен бойдон кайра кайтып келишкен эмес.
Бүгүн издөө иштерин улантуу үчүн ӨКМден 33 куткаруучу, 7 суучул жана 1 фельдшер, ИИМден 17 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 35 адам тартылган.
Издөө иштеринин натыйжасында саат 14:40та ал адамдардын сөөгү табылган. Куткаруучулар каза болгон жарандардын денелерин жээке чыгарып милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.