11 — декабрда Ош шаарынын жана Ош облусунун Кыргыз Күрөш федерациясынын Эл аралык кубогу Ош шаарынын мэриясынын колдоосу менен өтө мыкты деңгээлде өттү.

Мелдешке келген  балбандардын саны 100дөн  ашык болду.  Бул ирет пандемияга байланыштуу Эл аралык турнирге  коңшу өлкөлөрдөн Өзбекстандын балбандары гана  катыша алышты.

Турнирдин ачыл азменинде Кыргыз Республикасы боюнча Кыргыз күрөш федерациясынын президенти Рыскелди Шамиев келген конокторго ыраазычылык билдирип, облустук Кыргыз Күрөшүн өнүктүрүү жана колдоо максатында Ош облусунун жана Ош шаарынын федерациясынын президенти Кыргызбаев Жумадылга 100 000 сом акчалай тапшырды.

Ош шаарынын жана Ош облусунун Кыргыз Күрөш федерациясынын президенти Кыргызбаев Жумадыл биздин Кыргызстанда балбандардын көп   болушун каалайм, ошондондуктан эмки турнирде байге фонду мынданда жогору болоорун жана  кийки турнирге даярдык көрүп баштарын билдирди.

Бул ирет   Бекболот Токтогонов 96+ абсолюттук мелдеште 100 000 сомдук баш байгени утуп алды.

82 салмактагы  абсолюттук  мелдеште Мусабек уулу Азисхан 100 000 сом утуп алды!

Кийки кыргыз күрөш турнирин өткөрүү боюнча эстафетасы Нарын облусунун  жана Нарын шаарынын Кыргыз күрөш федерациясынын президенти Бакай Омуралиевге тапшырылды.