Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 18-декабрда, Мигранттардын эл аралык күнүнө байланыштуу кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу  Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысынын кайрылуусунда төмөнкүдөй айтылат:

«Урматтуу мекендештер!

Сиздер Ата Журттан алыста, чет жерлерде Мекенге болгон сагыныч, кусалыкка карабай, ата-эне, үй-бүлө багуу максатында кара жанды карч уруп иштеп келесиздер. Мигрант болуп, бөтөн жерде, бөтөн элде иштөө кандай кыйынчылыктар менен коштолорун жакшы түшүнөм. „Туулган жердин топурагы алтын“ деген накыл кеп тегин жерден чыкпаса керек. Так ушундан улам Президент болуп шайлангандан кийинки алгачкы кадамдарымдын бири катары „Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды кабыл алуу жөнүндө“ Жарлыкка кол койгом. Ошону менен бирге Кыргызстанда татыктуу киреше бере турган жумуш орундарын түзүүнү Министрлер Кабинетинин алдына коюп келем.

Биз өз кесибинин дасыккан адистерин кармап калууга тийишпиз. Кайсы гана тармак болбосун анын өркүндөп-өсүшүнө өз ишин мыкты билген адистер зор салым кошору белгилүү. Мындай адамдар, айрыкча, билим берүү жана саламаттыкты сактоо системасындагы мыкты кесип ээлери өз Мекенинде татыктуу жашап, келечек муунга терең билим берип, элибиздин саламаттыгына кам көрүшү абзел. Ошону менен бирге ишкерликти өнүктүрүүгө артыкчылык берилип жаткан чакта тажрыйбалуу инженердик кадрлардын — техниктер, энергетиктер, куруучулар, жеңил өнөр жайынын кызматкерлери — жана башка чебер адистердин ролу айтпаса да белгилүү.

Дал ушул себептен Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги түзүлүп, бул маселеге өзгөчө көңүл бурулууда. Аталган көйгөйлөрдү өз ара байланышта караганыбызда гана алгылыктуу натыйжаларга жетише алабыз.

Бүгүн өнөр жайды калыбына келтирүүгө абдан көңүл бурулууда, ишкана ачуу жаатында бир катар иш-чаралар жүзөгө ашырылды. Маселен, Кара-Балта килем комбинаты кайра жандандырылып, ишке киргизилүүдө. Жакынкы жылдарда жер-жерлерде индустриалдык, алардын арасында бир машина-трактордук, парктарды, пахта-текстиль кластерин жана фабриканы, бир нече цемент заводдорду куруу жана башка долбоорлор билимдүү, тажрыйбалуу, заманбап технологиялар менен иштөөгө жөндөмдүү адистерди талап кылат. Албетте, мунун баары жаңы жумуш орундары.

Дагы бир орчундуу маселе — эмгек мигранттарынын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо. Мындай маанилүү маселени көз жаздымда калтырбашыбыз керек. Миграцияга чыгуу жолдорун иретке келтирүү, мигранттардын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден соолугу менен коопсуздугун камсыздоо мамлекеттин негизги милдети болушу кажет. Кыргызстандыктардын чет өлкөлөрдүн эмгек рынокторунда өз потенциалын ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу үчүн тышкы эмгек рынокторун диверсификациялоо, же тагыраак айтканда, бир эле убакта ар түрдүү багыттарды өздөштүрүү милдети турат.

Урматтуу алыс-жакында жүргөн жердештерибиз!

Алдыбызга мына ушундай максаттарды коюу менен бирге өз Мекениңерде байырлап баар табууга шарт түзүүнүн, чет жерде жүргөндөрдүн укуктарынын корголушун камсыз кылуунун аракетин көрүп жатабыз.

Сиздерге жана сиздердин үй-бүлөңүздөргө чың ден соолук, бакубат жашоо каалайм. Ата Мекенге кызмат кылсам деген ой-максаттарыңар ишке ашуусуна тилектешмин!».