Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы кабарлады.

Туристтик тармактын субъекттерин мамлекеттик колдоонун натыйжалуулугун жогорулатуу, туристтик инфратүзүмдү (анын ичинде транспорттук, коммуналдык, инновациялык, оюн-зооктук жана туризм чөйрөсүнө тартылган башка инфратүзүмдөрдү) реконструкциялоого жана өнүктүрүүгө ички жана чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу үчүн инструменттерди өркүндөтүү жана Кыргыз Республикасынын туристтик потенциалын жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылынат:

Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш түзүлсүн.

Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети:

— «Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду» мамлекеттик мекемесин белгиленген тартипте түзсүн;

— Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш жөнүндө жобону иштеп чыксын жана бекитсин.