Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы жана «Куран Ордо» диний уюму алгачкы жолу кыз-келиндер аралык «Куран жазы» аттуу Республикалык Куран жарышын жарыялайт.
Жарыш Курандын 15 жана 30 параларынан жатка окуу боюнча болуп өтөт. 22-декабрь аймактарда тандоо туру уюштурулуп, жеңүүчүлөр финалга жолдомо алышат.
Финал 26-декабрь жекшемби күнү «Имам Сарахсий» атындагы мечитте саат 09:00дө башталат.
Байгелер: 3 умра сапарына жолдомо, кызыктыруучу белектер жана акчалай сыйлыктар.
Кирүү акысыз, айымдар үчүн гана эшик ачылат.
Байланыш үчүн: 0770644438, 0777879501, 0505286818
Дареги: Бишкек шаары, Жибек-Жолу көчөсү №264.
Жарышка салымын кошууну каалагандарга мүмкүнчүлүк берилет.
«Акыйкатта, Куран тууралыкка алып барат жана жакшылык кылган момундарга зор сыйлык боло тургандыгын сүйүнчүлөйт». (Исра 9).
Конкурс имам Сарахси мечитинин жамаатындагы сооп үмүт кылган мекендештердин демөөрчүлүгү менен уюштурулууда.