Келерки жылы бюджеттик тармакта иштегендердин, анын ичинде дарыгерлердин айлык акысын жогорулатуу пландалууда. Бул тууралуу КР президенти Садыр Жапаров бүгүн, 19-декабрда, Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасында медицина кызматкерлери менен жолугушуу учурунда билдирди.
Мамлекет башчысы ошондой эле турак жай менен камсыз кылуу маселесине токтолду. Садыр Жапаров белгилегендей, мамлекеттик ипотеканы жеңилдетилген шартта берүү маселеси каралат.
Медицина кызматкерлери менен болгон баарлашуу учурунда “Ден соолук кербени” көчмө медициналык комплекстери бажы жол-жоболорундагы көйгөйлөрдөн улам аймактарга чыга албай жатканы белгилүү болду.
Буга байланыштуу президент Садыр Жапаров облустагы көчмө медициналык комплекстердин мындан аркы иштеши үчүн бардык бажы процедураларынан өтүү маселесин тез арада чечүүнү тапшырды.
Бүгүнкү күндө Жалал-Абад облусунун тургундарына жалпысынан 418 мекеме медициналык жардам көрсөтүүдө.
Булак: Биринчи радио