Түркиянын Анкара шаарындагы Кризистик кырдаалдарды жана саясатты изилдөө борборунда (ANKASAM) Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн жана Кыргызстан менен Түркиянын дипломатиялык мамилелеринин түзүлгөнүнүн 30 жылдыгына карата конференция болуп өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чарага элчи Кубанычбек Өмүралиев, серепчилер жана окумуштуулар, аналитикалык борборлордун жана ММКлардын өкүлдөрү, ошондой эле аталган борбордун кызматкерлери катышты.
Өз сөзүндө элчи Өмүралиев стратегиялык деңгээлде болгон кыргыз-түрк боордоштук мамилелерине жогору баа берди. Өмүралиев боордош мамлекеттерибиздин ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгы 1000 жылдан ашык тарыхы бар боордош мамлекеттер жана элдер үчүн тарыхый кыска мөөнөт экенин белгиледи. Элчи кыска мөөнөттүн ичинде саясий диалогду жана негизги багыттардагы кызматташтыкты өнүктүрүүдө Кыргызстан менен Түркия чоң ийгиликтерге жетишкендигине көңүл бурду.
Өмүралиев эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүүнү 1 миллиард долларга жеткирүү боюнча мамлекет башчылары тарабынан коюлган тапшырма аткарылып жатканын белгилеп, 2021-жылдын январь-октябрь айларында эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүү 661,1 млн.долларга жеткенин жана 2020-жылдын аталган мезгилине салыштырмалуу 263,6 млн долларга көбөйгөнүн маалымдады.
Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызстандын экономикалык жана туристтик потенциалы тууралуу видеороликтер көрсөтүлдү.