Кыргызстанга 70 миң тонна кумшекер бажы төлөмүсүз ташылып келет. Бул тууралуу КР Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин 2021-жылдын 2-декабрындагы №140 «Ак кантка жана чийки камыш кантына карата Бажы бирлигинин комиссиясынын айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» чечими кабыл алынган. Бул чечимге ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагына 70 миң тонна өлчөмүндө ак кантты жана чийки кантты бажы төлөмүсүз ташып келүү каралган.

«Учурда Айыл чарба министрлиги тарабынан «Азык-түлүк коопсуздугу боюнча чаралар жөнүндө» КР министрлер кабинетинин токтомунун долбоору иштелип чыкты, анда министрлер кабинетинин 2021-жылдын 12-июлундагы № 71 токтомуна туруктуу мүнөздөгү ак жана чийки кантты КРнын аймагына салымсыз ташып келүү көлөмүн бөлүштүрүү эрежелерине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген», — деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, 2022-жылдын январь айынын аягынан тарта ак кантты жана чийки кантты алымсыз ташып келүү көлөмү арыз ээлери арасында бөлүштүрүлөт деп болжолдонууда.

Айыл чарба министрлиги кошумча маалымат алуу үчүн министрликтин ЕАЭС иштери жана БДСУ маселелери боюнча бөлүмүнө +996312623644, +996557557529 телефон аркылуу кайрылууну эскертет.