Бүгүн, 20-декабрда «Кара-Кече» көмүр кенинде көмүр казуу иштери бир апталык тазалоо иштеринен кийин кайрадан жанданды. Бул тууралу «Кыргыз көмүр» ишканасынан маалымдашты.

«Кара-Кечеде» көмүр жүктөө иштери башталды. Жүктөлгөн көмүр Бишкекке 22-декабрда келет», — деп билдиришти ишканадан.

Эске салсак, буга чейин Нарын облусунун Жумгал районундагы «Кара-Кече» көмүр кенинде көмүр казуу тазалоо иштерине байланыштуу бир жумага токтотулганы айтылган.