Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 14, Ош шаары – 1, Чүй облусунда – 16, Ош облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 5, Жалал-Абад облусунда – 9, Баткен облусунда — 3 адамдан илдет табылган.
Ал эми бир суткада 41 адам илдеттен сакайып чыкты, эки бейтап каза болду.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 303 бейтап, амбулатордук түрдө 345 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 184 миң 269 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 179 миң 352 киши айыгып чыкса, 2 миң 786 адам каза болду.