Бишкектиктердин троллейбустагы сапарын эми Аяз ата жана Аяз кыз коштоп жүрөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматта айтылгандай, мындай акция шаар тургундарына жана борбор калаанын конокторуна жаңы жылдык маанай тартуулоо максатында муниципалитет тарабынан уюштурулган.

«Он биринчи маршруттун троллейбусу биринчи болуп, Аяз ата, Аяз кыздын коштоосунда шаардыктарга жаңы жылдык маанай тартуулады. Балдар кубануу менен ыр саптарын айтып, таттуу белектерге ээ болушту, ал эми чоң шаар тургундары адаттан тыш жүргүнчүлөр менен эсте каларлык сүрөткө түшүштү», — деп айтылат маалыматта.

Мэриядан белгилешкендей, 25-декабрдан тарта жаңы жылдык каармандар автобустардын жүргүнчүлөрүнүн да көңүлүн көтөрөт.

Белгилей кетсек, жаңы жылдык башкы сыйкырчы жана анын жардамчысы менен майрамдык транспорт 31-декабрга чейин жүрөт.