Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 22-декабрь — Кыргыз Республикасынын Энергетиктер күнүнө байланыштуу энергетиктерди кесиптик майрамы менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунда төмөндөгүдөй айтылат:

«Кымбаттуу мекендештер!

Урматтуу энергетиктер!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар болгон Кыргыз Республикасынын Энергетиктер күнү менен куттуктайм!

Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүн электр кубатысыз элестетүү мүмкүн эмес. Жашоо-турмушубуздун кайсы гана жагын алба, бүт баары ага түздөн-түз байланышкан. Кайсы гана өлкөнү албайлы, энергетика тармагы экономиканы көтөрүүнүн, аны туруктуу өнүктүрүүнүн өзөгүнө айланган убак.

Ал эми күн сайын муктаждыгы артып бараткан санариптешүү мезгилинде — электромобилдерден, жеке үйлөрдөн тартып бүтүндөй шаарларга чейин акылдуу технологиялардын арымы күчөп жаткан маалда электр кубатынын зарылчылыгы ого бетер алдыңкы сапка чыкты.

Борбор Азия чөлкөмүндө Кыргыз Республикасы — жогорку энергетикалык потенциалга ээ болгон эки өлкөнүн бири. Мөңгүлөрүбүз менен ири дарыяларыбыз — биздин ишеничтүү күчүбүз, өлкөбүздүн экономикасынын ишенимдүү тиреги болгон көрөңгөсү.

Ошентсе да, Кыргызстан өзүнүн эң маанилүү тармагын өнүктүрүүгө жана энергияны экспорттоочу мамлекет болушуна тоскоолдук жаратып жаткан бир канча көйгөй бар. Алардын негизгиси — электр кубатынын жетиштүү топтомдо болбогондугу. Өзүбүздө чакан жана ири гидроэлектростанцияларды куруу жана энергиянын башка, кайра жаралуучу булактарынан пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүбүз болуп туруп, бөлөк өлкөлөрдүн энергетика тармагын өнүктүрүүгө салым кошууга аргасыз болуп келебиз.

Энергетика жаатында ушундай артыкчылыктарыбызды туура пайдалануу аркылуу Кыргызстанды электр кубаты менен эч көйгөйсүз толук камсыз кылуу жана экспорттоо потенциалын өнүктүрүү максатында жакынкы жылдарда төмөнкү тапшырмаларды аткаруу зарыл:

— иштеп жаткан ГЭСтердин кубаттуулугун 20%га көтөрүү менен бирге толук кандуу реконструкциялоо жана жаңылоо;

— Борбордук жана Түштүк Азиядагы төрт мамлекетти бириктирип турган электр энергиясын берүүчү жогорку чыңалуудагы жаңы тутумду (CASA-1000) киргизүү;

— энергиянын атаандаш булактарын пайдаланууга берүү, ошондой эле Нарын дарыясында кубаттуулугу 100 мегаватт болгон Куланак ГЭСин иштетүү, андан тышкары, мамлекеттик-менчик өнөктөштүгүнүн алкагында Талас облусундагы Киров суу сактагычында өндүрүмү 25 мегаватт болгон Бала-Саруу ГЭСин, ал эми Орто-Токой суу сактагычында кубаттуулугу 21 мегаватт түзгөн чакан ГЭСти жана Кемин районунун Чүй айланма каналында чакан ГЭСти ишке түшүрүү жана башкалар.

Мындай шартта тизмектелген иш-максаттарды жүзөгө ашыруу үчүн өз өмүрүн ушул тармакка арнаган энергетик ардагерлерди мол тажрыйбасынан жаш кесиптештери менен бөлүшүп, аларды колдоп-коштоп турууга чакырам. Ар бириңиздердин сиңирген эмгегиңиздерди, кесипкөйлүгүңүздөрдү, ишке жан-дилиңиз менен берилген мекенчилдигиңиздерди жогору баалайбыз. Сиздер көрсөткөн жол мындан аркы өнүгүүбүз үчүн негиз болмокчу.

Урматтуу энергетиктер!

Өлкөбүздүн эртеңки күнгө ишенимдүү кадам таштоосу үчүн Мекендин чыныгы атуулу катары жаңыча көз караш, жаңы шык-дем менен иштешиңерди каалайм. Элибиздин койгон талабы, күткөн үмүт-тилеги дагы дал ушундай!

Бүгүнкү кесиптик майрамыңыздар кут болсун! Жалпы энергетиктерге жана тармактын ардагерлерине чың ден соолук, бакубат жашоо тилейм. Жалпы эл карап турган жоопкерчиликтүү ишиңиздерде жаңы жетишкендиктер, албан-албан ийгиликтер коштосун!».