«МИК» ААК Башкармалыгы «Өзбекстан Ипотекалык Кайра каржылоо компаниясы» ААКнын жана Өзбекстандын Финансы министрлигинин өкүлдөрү менен онлайн-конференция өткөрдү. Онлайн-конференцияны өткөрүү демилгесин өзбек тарап, алар Кыргызстандын Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын жаңы ипотекалык продуктусуна кызыгышууда.

Өзбек тарап ислам каржылоо принциптерине ылайык мамлекеттик ипотекалык кредиттерди киргизүү жаатында Кыргызстандын тажрыйбасын колдонууну көздөп жатат.
Ошондой эле «МИК» ААК турак жай аманат системасын киргизүү жана өзүнүн карамагында «Ак-Босого» турак жай-сактык кредиттик компаниясынын ачуу тажрыйбасы жөнүндө маалымат берди.

Ал эми «Өзбекстандын Ипотекалык Кредиттик Каржылоо Компаниясы» ААК өзүнүн тажрыйбасы жана жетишкендиктери тууралуу айтып берди. Кызматташтыкты улантуу максатында тараптар диалогду жана өз ара кызматташууну улантуу ниетин билдирип меморандум түзүү сунушун киргизишти.
Кыргызстан постсоветтик мейкиндиктеги республикалардын ичинен исламдык каржылоо принциптерин иш жүзүндө ишке ашырган алдыңкы өлкө болуп саналат. Тиешелүү мыйзамдык база түзүлүп, ченемдик укуктук актылар кабыл алынган. КМШ өлкөлөрүнөн Кыргызстанда биринчи жолу каржылоонун ислам принциптери боюнча биринчи мамлекеттик ипотека берилди.