Жалал-Абад областынын Токтогул райондук прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын бузулушу аныкталган. Алсак, А.Суеркулов айыл аймагына караштуу Торкен айылынын жашоочусу Р.К. аттуу жаран Арал участкасындагы 0,18 га муниципалдык жер аянтын мыйзамсыз тосуп алып, жеке максатта пайдаланып жүргөн.
Бул мыйзам бузуу боюнча райондук прокуратура тарабынан айыл өкмөт башчынын наамына прокурордук чара көрүү актысы келтирилип, анын негизинде жогоруда аталган жер тилкеси айыл өкмөттүн балансына кабыл алынган.
Ошондой эле, көзөмөл органы ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген жарандарга жана тоголок жетим балдарга турак жай куруу үчүн жогорудагы 0,18 га. жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө талап келтирген. Талапты кароонун жыйынтыгы менен А.Суеркулов айыл өкмөтү тарабынан тоголок жетим бала А. уулу М.га 0,09 га жана 1-
топтогу майып С.Р. атуу жаранга 0,09 га жер тилкелери ажыратылып, аларга жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт берилди.