Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги жаңы 2022-жылга карата өндүрүштүк календарды бекитти.

Документке ылайык, жылдын биринчи күнү, 1-январь ишембиге туура келгендиктен 3-январга жылдырылат. Демек, 5 күндүк график менен иштеген кыргызстандыктар үч күн: 1, 2 жана 3-январда эс алышат.

6-январь майрам алдындагы кыскартылган күн, 7-январь эс алуу күнү, бул күнү Рождество белгиленет.

Эмгек министрлигинен 1-январдан 10-январга чейинки эс алууда кандайдыр бир өзгөртүүлөрү болуп-болбору тууралуу департамент кошумча маалымат берерин белгиледи.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын символу Көк суу жолборсу.