Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 22-декабрда, Бишкек шаарынын четиндеги 110/10 кВ «Алтын Казык» жогорку чыңалуудагы көмөк чордондун салтанаттуу ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Мамлекет башчысына «Алтын Казык» көмөк чордонунун курулуш долбоору жөнүндө маалымат берилип, андан соң ал анын иштөө тартиби жана башкаруу тутуму менен таанышты.

 

Иш-чара катышуучуларынын алдында сүйлөп жатып, Мамлекет башчысы энергетиктерди кесиптик майрамы – Энергетиктер күнү менен куттуктады.

“Энергетика – мамлекеттин бүткүл экономикасы үчүн стратегиялык жактан зор мааниге ээ болгон тармак. Ар бириңиздер ушул тутумдун ишенимдүү жана туруктуу иштешине чоң салым кошуп жатасыздар”,- деди Президент. Садыр Жапаров Соңку мезгилде бул чөйрөдө түзүлгөн кыйын кырдаал талыкпаган эмгекти, кесипкөйлүктү жана өз парзына чындап берилгендикти талап кыларын кошумчалады.

“Алдыңарда элибизди жарык жана жылуулук менен камсыздоо сыяктуу маанилүү милдеттер турат. Ак дилден эмгектенип, көп жылдар бою топтолгон тажрыйбаңыздар аркылуу элибиздин ишеничин актайсыздар деген ойдомун”, — деп кайрылды Садыр Жапаров энергетиктерге.

Президент 110/10 кВ жогорку чыңалуудагы «Алтын Казык» жаңы көмөк чордонду пайдаланууга берүү Дордой, Эне-Сай, Дордой-2, Теңдик, Келечек, Мурас-Ордо жана башка конуштарды, ошондой эле бул аймактарда иш алып барган өнөр жай жана коммерциялык объекттерди электр кубаты менен камсыздоо сапатын жакшыртарын белгиледи.

Ал бүгүнкү күндө мамлекет аталган аймактарда отурукташкан жарандардын жашоо шарттарын жакшыртуу үчүн алгылыктуу иштерди аткарып жаткангын айтты. Тагыраак айтканда, борборго жанаша жайгашкан жаңы конуштардагы турак ж ай документтерин мыйзамдаштырып берүү жана алардын инфратүзүмүн ыңгайлаштыруу маселелери жандуу чечилип баштады.

Мамлекет башчысы ушул сыяктуу эле иш-аракеттер жакындан бери Бишкектин 2-жылуулук электр борборунун айланасындагы Ак-Ордо жана Ала-Тоо-3 конуштарында башталганын эске салып, бул сыяктуу көйгөйлөр көптөн бери чечилбей келгенин кошумчалады.

Президент Садыр Жапаров анын тапшырмасынын негизинде “Жер Ынтымагы” конушундагы 69,0 гектарды ээлеген жер тилкелерин мыйзамдаштыруу жаатында Бишкек мэриясы “Кадастр” муниципалдык ишканасы менен биргеликте техникалык изилдөөлөрдү жүргүзүп баштаганын айтып берди. Атайын жумушчу к миссия мобилдүү топтор түзүлүп, жеринде иш алпарууда.

Мамлекет башчысы Дордой, Эне-Сай, Дордой-2, Теңдик, Келечек, Мурас-Ордо жана башка конуштардагы инфраструктураны жакшыртууга жана электр жарыгына байланыштуу көйгөйүн чечүүгө убакыт келгенин белгиледи.

Бүгүнкү көмөк чордонду куруу тапшырмасы бир ай мурун берилген. Бул багыттагы иштер улантылат жана ушундай жол менен акырындан энергетикалык каатчылыктан чыгууга мүмкүн болот.

“Мына эми элибиз эгемендик алгандан бери жаңы энергетика орнотмосун биринчи жолу сырттан эч кандай насыя албастан, бюджеттин эсебинен куруп жатат. Буга чейин карызга алып, энергосистеманын карыздары 130 млрд сомго чейин жеткен. Ишибиздин ушинтип илгерилеши өз күчүбүз менен өлкөбүздүн энергетика тармагын кезек-кезеги менен туруктуу өнүктүрүүгө бекем ишеним жаратат. Ушул сыяктуу өзүбүз жүзөгө ашыра алчу долбоорлор көп. Алардын ар бири боюнча план түзүлүп, курулуш жүргүзүлөт”, — деди ал.

Мамлекет башчысы өлкөнүн энергетика тармагын өркүндөтүүгө багытталган артыкчылыктуу ири иш-аракеттерге өзгөчө көңүл бурду. Бул — Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу жана CASA-1000 эспорттук долбоорун турмушка ашыруу, ошондой эле бардык жерде аталган чөйрөнү колго алуу аркылуу керектөөчүлөрдү электр кубаты менен толук камсыздоо үчүн өлкөбүздүн алыскы аймактарын өнүктүрүү маселеси.

Өткөн айда болуп өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында Президент тез арада чечүүнү талап кылган суу-энергетика маселелерин, көмүр жеткирүү, энерготутумдагы кемчиликтер жана одоно мыйзам бузуулардан тартып бул чөйрө үчүн көп каржы насыялар алынгандыгына чейинки көйгөйлөрдү көтөргөн.

Мамлекет башчысы энергетикалык коопсуздукка жетишүүнүн стратегиялык маанисин эске алып, алдыга коюлган милдеттер менен тапшырмалардын аткарылышын жеке өзү көзөмөлгө ала тургандыгын билдирди.

“Мындан кийин энергетика тармагынын туруктуу иштеши жана өнүгүүсү боюнча кечиктирилгис чаралар көрүлөт”, — деп кошумчалады ал.

Сөзүнүн соңунда Президент Садыр Жапаров конуштун тургундарын «Алтын Казык» көмөк чордонунун ачылышы менен куттуктап, аларга бакыт жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Жергиликтүү тургундар райондун көп жылдардан бери чечилбей келген электр энергиясы менен камсыз кылуу маселеси чечилгенине ыраазычылык билдиришти.

Белгилей кетсек, “Алтын Казык” жаңы көмөк чордону Дордой, Эне-Сай, Дордой-2, Теңдик, Келечек, Нургожо-Ата, Мурас-Ордо жаңы конуштарында жашаган керектөөчүлөрдү жана бул аймакта жайгашкан өндүрүш жана соода объектилерин электр энергиясы менен камсыздоонун сапатын жакшыртат. Ошондой эле, жаңы көмөкчордон 220/110/35/10 кВ учурдагы «Главная», «Тепличная», «Карагачевая», «Нижняя Ала-Арча» көмөкчордондорундагы жүктөмдү азайтат. Кубаттуулугу 10 мВт.