Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында Баяман Эркинбаевдин жаркын элесине арналган эл аралык Гран-при эл аралык мелдешти өттү. Бул тууралуу Спорт жана дене тарбия департаментинен билдиришти.

Быйыл турнир 10-жолу өтүп, ага Украина, Иран, Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандан 160 спортчу катышты.

Мелдештин жалпы байге фонду 540 миң сомду түзүп, жеңүүчү жана байге ээлери диплом, медалдар жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Ал эми баш байге: автомобиль (эркектерге) жана 1500 долларлык сертификат (аялдарга) берилди.